Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы мектептерге мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаар мэринин орун басары Айбек Тешебаев шаар аймагындагы билим берүү мекемелеринин абалы менен жеринде таанышып, комплекстүү мониторинг жүргүздү. Анын алкагында негизги төрт багытка өзгөчө көңүл бурулду.
Алар:
- жашылдандыруу жана көрктөндүрүү;
- окуучулардын тамактануусу;
- техникалык абал;
- коопсуздук.
Мониторингдин жыйынтыгында айрым мектептерде мүчүлүштүктөр аныкталып, аларды тез арада жоюу боюнча тиешелүү мектеп директорлоруна тапшырмалар берилди.