Turmush — Ысык-Көл облусунда 1 жума ичинде унааны мас абалда башкарган 86 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол-унаа кырсыктарын алдын алууга багытталып өткөрүлгөн рейддик иш-чаралар учурунда 2026-жылдын 23-мартынан 29-мартына чейинки бир апта аралыгында облустун аймагында ар кандай жол эрежелерин бузган 1 миң 238 айдоочу аныкталып, протоколдор түзүлдү. Жалпы 193 автоунаа айып короолорго токтотулду.
Жалпы түзүлгөн протоколдордун ичинен:
- спирт ичимдигин ичип автоунаа башкаруу — 86 учур;
- ылдамдыкты ашырып айдоо — 449 учур;
- жол белгилерине баш ийбөө — 245 учур;
- автоунааларды тиешелүү документтери жок башкаруу — 33 учур;
- автоунаа айдоого укугу жок — 29 учур;
- терезесин караңгылап алып башкаруу (тонировка) — 3 учур;
- башка айдоочулар менен жолдо жүрүү эрежелерин бузган 27 жөө жүргүнчү болду.
Бул иштер Ысык-Көл облусунун аймагында өткөрүлгөн «Бахус» аталыштагы рейддик иш-чаранын алкагында уюштурулду.