Turmush — Кочкорлук шахматчы Амина Шергалиева өлкө чемпионатында алтын байгеге ээ болду.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, 2026-жылдын 20-26-март күндөрү Бишкек шаарында окуучулардын арасында шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү. Ага жалпы 300дөн ашык шахматчы катышты. Амина Шергалиева 9 жаштагы кыздардын арасында мелдеште жеңүүчү болуп, алтын байгеге ээ болду. Ал жакында өтө турган Азия чемпионатына жолдомо утуп алды.
Амина Шергалиеванын атасы, шахмат боюнча Азиянын чемпиону Нурлан Шергалиевдин айтымында, кызы 2017-жылы 6-мартта төрөлгөн. Эки жашынан баштап шахмат оюнуна кызыга баштаган. Бишкек шаарындагы жеке мектепте 3-класста окуйт. Амина келечекте шахмат боюнча дүйнөнүн чемпиону болсом деген тилеги бар. Шахмат боюнча эл аралык мелдештерде бир нече жолу жеңүүчү болгон.
Нурлан Шергалиевдин айтымында буга чейин Кыргызстандын курама командасы 2026-жылдын 16-22-февралында Россиянын Новокузнецк шаарында, Кузбасс аймагында өткөн турнирге катышты. 42 өлкөдөн келген командалардын арасынан Кыргызтандын курама командасы 7 орунду ээледи.
«Биздин Амина Шергалиева сеанста эл аралык гроссмейстер Георгий Кастаньеда менен тең чыгып, көптөгөн шахматчылары таң калдырды. Гроссмейстер Аминаны келечекте көптөгөн ийгиликтер күтүп турганын билдирди. Ушул күнгө чейин 28 өлкөгө барып, эл аралык мелдештерге катышып келдик. Мелдештердин баарына өзүбүздүн каражат менен катышып келе жатабыз. Келечекте бизди мамелекет колдойт деген ишеним бар», - деди Нурлан Шергалиев.