Turmush — Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жолболду Көчкөнов Жумгал районуна болгон иш сапарынын алкагында өз короосунда асынып каза болгон 28 жаштагы Сүйүнбектин апасы менен жолукту.
Маалыматка караганда, жыйынга кечигип келген Анаркүл Акматованы милициянын полковниги өзүнчө кабыл алды. Кайгыга баткан эне уулунун өлүмү боюнча ишти акыйкат кароону өтүнүп, тергөө амалдарын кылдат жүргүзүүнү суранды. Ошондой эле ал уулунун өлүмүнө байланыштуу шектүүлөрдү тез арада кармап, соттук-медициналык экспертизаларды дайындап, мыйзам чегинде жаза берүүнү өтүндү.
Өз кезегинде Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жолболду Көчкөнов бул ишти жеке көзөмөлүнө аларын билдирди. Анын айтымында, тергөө иштери азырынча толук жыйынтыктала элек. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, алардын жыйынтыгы саналуу күндөрдө чыгары күтүлүүдө. Ал маркумдун жакындарын сабырдуулукка чакырды.
Эске салсак, учурда маркумдун майыптыгы бар агасы Сокулуктагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын борборуна жайгашкан.
- Буга чейин маркумдун жакындары Turmush басылмасынын кабарчысына окуянын чоо-жайын айтып беришкен.
Алардын айтымында, 2026-жылдын 13-февралына караган түнү болжол менен 02:00 чамасында Сүйүнбек Доктурбек уулу асынган абалда өзүнүн короосунан табылган. Ал үстүбүздөгү жылдын январь айында Айсалкын аттуу кызга баш кошуп, бирге түтүн булатып келе жатышкан. Маркум үйдө мүмкүнчүлүгү чектелген 3 жакынын — төшөктө жаткан атасын, апасын жана агасын карап келген. Мамлекеттен «Социалдык контракт» долбоорунун негизинде колдоо алып, мал күтүп, бодо жандыктарын көбөйтүп жаткан.
Маркумдун жакындары Сүйүнбектин бул кадамга баруусуна жалаа-жаап, коркутуу себеп болгон деп эсептешет. Агасы Майрамбек Киркиевдин айтымында, бул окуяга байланышы барлар жаза алып, өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү беренеси менен кылмыш иши козголушу керек.
«Өлүмгө түрткөн бул окуянын артында ушул эле айылдагы келин турат. Ал коркутуп, телефон чалып, Жумгал РИИБге участкалык милицияга арыз жазып, маркумдан акча талап кылып алып жүргөн. Биз анын баарын укпаптырбыз. Жок дегенде милиция баланын жакындарына кабар берип, келип, акылдашып, жашыруун сүйлөшүп, алдын алса болот эле да.
Бала бир үйдө 3 майыпты карачу. Үйлөнүп, акыркы бир айдан бери жакшы болуп калганда чогулуп алып өлүмгө түртүп отурасыңар. Аталган келин улам телефон чалып, кайра-кайра коркутуп, ушул акыбалга алып келди. Малын, унаасын саттырып, түбүнө жетишиптир. Чырактай бала өлүп, бир үй-бүлө бузулуп, үч майып талаада калып жатат. Эми булардын тагдыры эмне болот? Биз адилеттүү чечим күтөбүз», - деди Киркиев.
Ал эми айылдын социалдык кызматкери бул үй-бүлө каттоодо экендигин, бир эмес, үч мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашарын айтып, маркум жакында эле «Социалдык келишимдин» негизинде колдоо алып, мал чарбачылыгын баштаганын билдирди. Ошондой эле үй-бүлөгө жасалып жаткан коркутуу туурасында укук коргоо органдары же участкалык милиция кабар бербегенин ырастап, маркум каза болгондон кийин укканын белгиледи.
Мындан сырткары айылдаштары учурда маркумдун атасы, төшөктөгү агасы үйдө калгандыгын жана апасынын буту шишип, Бишкек шаарында ооруканада жатканын, аты аталган келин борбордо экенин кабарлашкан..
Ал эми Жумгал РИИБдин тергөөчүсү бул окуя боюнча иш кайра карала турганын айтып, келин алынып келине турганын кошумчалаган.
Кийинчерээк Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя боюнча толук маалымат берген.
Милициянын маалыматына караганда, 2026-жылдын 13-февраль күнү түнкү саат 03:03 чамасында Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну — 1996-жылы туулган С.Д. өзүнүн турак үйүнүн короосундагы мал сарайында асынып алгандыгы тууралуу маалымат 102 кызматына келип түшкөн.
Аталган факты Жумгал РИИБдин маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, кароо жүргүзүлгөн. Алгачкы кароонун жыйынтыгында маркумдун денесинде мойнундагы жиптин изинен тышкары башка дене жаракаттары аныкталган эмес.
2026-жылдын 12-февраль күнү С.Д.нын аялы А.К. окуя болгонго чейин жолдошу көтөрүп жүргөн уюлдук телефонунан Т.Н . аттуу аял менен болгон мамилелери жөнүндө, ага акча которуп жүргөндүгүн билип, ошондон улам экөө уруша кетип, ортодо пикир келишпестик болуп, «сени менен ажырашам» деп жеңесин чакырып, болжол менен түнкү саат 1:30да С.Д.нын үйүнөн чыгып кеткен.
«Белгилей кетсек, буга чейин 2026-жылдын январь айында Т.Н. тарабынан маркум С.Д.га карата арыз менен кайрылуу болгон. Анда экөөнүн ортосунда мамиле болгонун, ал арада кош бойлуу болуп калганын билип, С.Д.га телефон аркылуу боюнан алдырууну айтып, акча каражатын сураган. С.Д. макул болуп, бирок ал акча каражатын бербей, телефон чалууларга жооп бербей качып жүргөндүгүн билдирген. Окуя боюнча тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Териштирүүнүн жыйынтыгында мыйзам талаптарына ылайык процессуалдык чечим кабыл алынган.
Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында Нарын ОИИБдин ички иликтөө кызматы жана тергөө кызматынын көзөмөлдөө методика бөлүмчөсү тарабынан текшерүү иштери улантылууда», - деп айтылган маалыматта.