Turmush — Эркин күрөш боюнча машыктыруучу — 1980-жылы туулган Руслан Атакеевге «Kia Carnival» үлгүсүндөгү унаа белекке берилди. Бул демилге №1 орто мектептин базасында машыккан ар кайсы муундагы спортчуларды бириктирди.
Жайыл райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Нуржан Сүймөналиевдин айтымында, белек 6-апрель — Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин эл аралык кесиптик майрамына карата тапшырылды. Мындай демилгелер жакшы салтка айланып бара жатат. Буга чейин Сосновка айылынын тарбиялануучулары да өз машыктыруучусуна ыраазычылык иретинде унаа белек кылышкан.
Анын айтымында, Руслан Атакеев Жайыл районунун эркин күрөш боюнча улук машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу.
«Анын машыктыруучулук эмгек жолу 25 жылдан ашат. Ушул жылдардын баарында ал Жайыл райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде эмгектенип келет. Бул аралыкта көптөгөн спорт чеберлерин, эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин тарбиялап чыгарды. Анын тарбиялануучуларынын катарында Кыргыз Республикасынын спорт чебери Байсал Кубатов, Азия чемпионатынын күмүш байге ээси, Кыргыз Республикасынын үч жолку чемпиону Исабек Жалилов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын спорт чебери, Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Бакгерген Үсөнов бар. Окуучулардын бул белеги жөн гана урмат-сыйдын белгиси болбостон, машыктыруучунун спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды тарбиялоого кошкон салымын таануунун символу болду», — деди спорт мектебинин директору.