Turmush — Чүй облусунун Москва районундагы тоо этегиндеги айылда 3 чакырым суу каналына бетон полотно төшөлүп жатат. Бул тууралуу райондук суу чарба башкармалыгынын башкы инженери Рамис Мырсабашиев билдирди.
Анын айтымында, бетон полотно тоо этегинде жайгашкан Ак-Суу айыл аймагына караштуу Кепер-Арык жана Сыйдалы (Чоң-Арык) айылдарынын ортосундагы суу каналына төшөлүүдө.
«Сугат сууну коромжусуз айдоо аянттарына жеткирүү жана дыйкандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында жалпы аянты 10 миң чарчы метрди түзгөн, тактап айтканда узундугу 3 чакырым болгон суу каналына бетон полотно төшөлүп жатат. Учурда анын 700 метр аралыгында иштер аткарылды. Бетон полотно толук төшөлүп бүткөндөн кийин айыл аймактагы 600 гектар айдоо жери сугат суу менен камсыздалат», — деди башкы инженер.
Ал ошондой эле бул иштер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин программасынын алкагында жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.