Turmush — Казакстан Республикасынын Шымкент шаарында тхэквандо боюнча «Golden Star 2026» эл аралык турнири өттү. Ага Шопоков шаарынан барган жаш спортчулар ийгиликтүү катышып, алдыңкы орундарды камсыз кылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.
Мелдештин жыйынтыгында СК «Шопоков» клубунун спортчулары төмөнкүдөй орундарды багындырышты:
1-орун:
Байэл Өмүрзаков
Руслан Исмаилов
2-орун:
Санирабика Бактыбекова
Баяна Дүйшеева
Диана Казымбекова
Абанай Сагынбеков
Айлу Таалайбекова
3-орун:
Байбол Шоруков
Алымбек Каныбеков
Данияр Равильев
Ыйман Карбеков
Байэл Өмүргазиев
Шопоковдук жаш спортчулардын ийгилиги шаар тургундары үчүн сыймык болуп, келечекте дагы чоң жеңиштерге жол ачары белгиленди.