Turmush — Сузак районундагы Кара-Дарыя сайынын жээгинен 70 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Маалыматка ылайык, сай жээгинде улгайган аялдын жансыз денеси жатканын жергиликтүү тургундар байкап, милицияга кабарлашкан.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери сырттан кароо жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө маркумдун денесинен кыйноо же башка кылмыш белгилери табылган эмес.
Маркумдун жакындары соттук-медициналык экспертиза дайындоодон баш тартышкан. Ал Сузак районунун тургуну болгону аныкталды.