Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда ири долбоорлор ишке ашырылат. Бул тууралур район акими Эрмек Бахавадинов билдирди.
Анын айтымында, райондун туристтик потенциалын жогорулатуу, аймакты өнүктүрүү багытында ишкердик форум өткөрүлдү. Анда райондун туристтик, агрардык жана энергетикалык дараметин көтөрүү менен ири инвестиция тартуу маселеси каралды.
«Форумда райондогу айыл аймактарда ишке ашырыла турган инвестициялык долбоорлор сунушталды. Мисалы, Барскоон айыл аймагына 10 млн АКШ долларын түзгөн эс алуу жайын куруу, Барскоонго асма көпүрө куруу, Кызыл-Суу айыл аймагына мөмө-жемиш сактоочу жай куруу өңдүү ири долбоорлор сунушталды. Бул демилгелер ишке ашса, кайра иштетүү тармагы, туризм, айыл чарбасы өнүгүп, райондун инфраструктурасы жакшырмакчы. Мындан тышкары, жаңы жумуш орундары түзүлүп, элди жумуш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү кеңеймек», — дейт ал.
Форумга жергиликтүү жана эл аралык инвесторлор катышып, бир катар долбоорлорду сунушташты. Жыйынтыгында жергиликтүү бийлик менен меморандумга кол коюлду.