Turmush — 2026-жылдын 23-мартында Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинде Жайыл районунун мектеп окуучуларынын спартакиадасынын алкагында футбол боюнча мелдеш өттү.
Бул Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган мектеп окуучуларынын спартакиадасынын 1-этабы. Футбол талаасына жалпысынан 8 команда чыкты. Жайыл району менен Кара-Балта шаары финалдык оюндарда өзүнчө командалар менен катыша тургандыктан, орундар шаардык жана айылдык мектептер арасында өз-өзүнчө аныкталды. Бул Кара-Балта шаарына облустук маанидеги шаар макамы берилгенине байланыштуу.
Жеңүүчү командалар төмөнкүлөр болду:
Айылдык мектептер арасында:
1-орун — Алтын айылынын орто мектеби;
2-орун — Сосновка айылынын орто мектеби;
3-орун — Полтавка айылынын орто мектеби.
Шаардык мектептер арасында:
1-орун — №10 орто мектеп-гимназиясы;
2-орун — №5 орто мектеп;
3-орун — №8 орто мектеп.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери Жайыл райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби жана «Манас» спорт комплекси тарабынан эстелик дипломдор менен сыйланышты.