Turmush — Баткенде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында электр тармактарын этап-этабы менен жаңылоо иштери башталды.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында Кыргызстанда электр энергиясына болгон тарифтик саясат энергетика тармагынын туруктуулугун камсыздоо жана инфраструктураны жаңылоо максатында жүргүзүлүп келет. Энергетика тармагындагы жоготууларды азайтуу жана эскирген жабдууларды алмаштырууга шарт түзөт.
Буга ылайык, жүргүзүлгөн тарифтик саясаттын аркасы менен “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан учурда СИП — өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымдарга алмаштыруу иштери жүрүүдө.
Жалпысынан 2026-жылы Баткен облусу боюнча 60 чакырым 04-6/10 кВ алюминий зымдарын СИП-2, СИП-3 кабелдерге алмаштыруу иштери аткарылат.
Тактап айтканда 0,4-6/10 кВ аба чубалгыларында:
• 16, 25 чакырым СИП зымы капиталдык курулуш иштеринин алкагында жаңы курулат.
• 43,75 чакырым алюминий зым реконструкцияланып СИП-2, СИП-3 кабелине алмаштырылат.
Анын ичинде:
• 15,5 км СИП-2, СИП-3 Сүлүктү РЭТ
• 6,82 км СИП-2, СИП-3 Лейлек РЭТ
• 12, 38 км СИП-2, СИП-3 Баткен РЭТ
• 8,3 км СИП-2, СИП-3 Кадамжай РЭТ
• 17 км СИП-2, СИП-3 Кызыл-Кыя РЭТ тарабынан аткарылат
СИП кабелдерди тартуу жумуштары Баткен облусунун аймактарында этап-этабы менен март айынан тарта ноябрь айына чейин уланат.
Баткен облусунда жүргүзүлүп жаткан бул иштер калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган ири жаңылануулардын бири болуп саналат. Мындай чаралар электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн арттырып, авариялык кырдаалдардын алдын алууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле электр энергиясынын жоготууларын кыскартып, облус тургундары үчүн үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү камсыздайт.