Turmush — Шумкарбек Козубаев Үч-Коргон токой чарбасынын башкы токойчусу болуп дайындалды.
Ал бул кызматка 2026-жылдын 25-мартында дайындалган. Тиешелүү буйрук Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу токой кызматы тарабынан чыгарылган. Дайындоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы №91 токтомуна ылайык жүргүзүлгөн.
Шумкарбек Козубаев буга чейин Айдаркен токой чарбасында токойчулук бөлүмүнүн башчысы кызматында эмгектенип келген.
Ал эми буга чейин Үч-Коргон токой чарбасынын башкы токойчусу болуп Тойчубеков Бакытбек Каныбекович иштеп келген.