Turmush — Мусаев Алибек Төлөгөнович Кочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору болуп дайындалды.
Алибек Мусаев 1985-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Теңдик айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1991-жылы Калыгул Бай уулу атындагы орто мектепке 1-класска кабыл алынып, 2001-жылы 9-классты аяктаган. Ошол эле жылы Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейге тапшырып, аны 2003-жылы бүтүргөн.
2003-2008-жылдары К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде билим алган.
Эмгек жолун банк кызматкери болуп баштаган. 2013-жылдан 2026-жылга чейин Кочкор райондук билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип келген.
Үй-бүлөлүү, 5 кыз жана 1 уулдун атасы.