Turmush — Бүгүн, 27-мартта Жалал-Абад облусунун Манас шаарында белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына жана Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына карата илимий практикалык эл аралык конференция өттү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чара «Ч.Айтматовдун руханий-гуманисттик мурасы» жана «Ысык-Көл форуму: улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик уңгу жолу туруктуу өнүгүүнүн, маданияттар жана цивилизациялардын диалогу» аталышында өтүп, Айтматов ааламы даңазаланды.
Саамалыкка президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги, Президенттин администрациясынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Бекбосун Бөрүбашов, жогорку окуу жайдын мугалимдери жана башка мамлекеттен келген окуу жай өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрушүндө Айтматовдун чыгармаларынан сахналык көрүнүш тартууланды жана жазуучунун чыгармачылыгы көрсөтүлдү.
Айтматов негиздеп кеткен Ысык-Көл форуму июнь айында Ысык-Көл жергесинде өтөөрү да белгиленди.
---------------------------------------------------------------
Буга чейин президент Садыр Жапаров 2028-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоо жана Кыргызстандын эл жазуучусунун 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл эл аралык форумунун мааракесин уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамын өзгөртүү жөнүндө буйрукка кол койгон. Эл аралык форум 2026-жылдын июнь айында өтөт.
Юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы уюштуруу комитетинин төрагасы болот;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары — Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары болот;
- Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри уюштуруу комитетинин катчысы болот.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
-
Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
-
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
-
Кыргыз Республикасынын билим берүү министри;
-
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри;
-
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
-
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри;
-
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
-
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
-
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
-
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
-
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер кабинетинин кдминистрациясынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы;
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын башчысы;
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы;
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси;
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары — уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн башчысы;
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары — реформаларды стратегиялык пландаштыруу жана талдоо бөлүмүнүн башчысы;
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
-
Бишкек шаарынын мэри;
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы;
-
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасынын жетекчисинин орун басары;
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти;
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директору;
-
«ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын директору;
-
«Кыргызстандын аэропорттору» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы;
-
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын төрагасы;
-
«Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору — башкы редактору;
-
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору;
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик Чыңгыз Айтматов атындагы адабият институтунун директору;
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын академик Болот Юнусалиев атындагы тил илими институтунун директору;
-
Улуттук илимдер академиясынын математика институтунун директору;
-
Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүнүн төрагасы;
-
Улуттук илимдер академиясынын академик А.А.Алтымышбаев атындагы философия институтунун «Конфликтологиянын философиясы жана саясий изилдөө» бөлүмүнүн башчысы.
Жекече:
-
Айтматова Розетта Тюракуловна — Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмери (макулдашуу боюнча).