Turmush — Каныбек Исаков Манас шаарынын жол башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Блу тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов кол койду. Ал бүгүн жамаатка тааныштырылды.
Исаков Каныбек Исмаилович 1977-жылдын 30-июлунда Манас шаарында туулган.
Билими:
Ош технологиялык университетининен автомобиль жолдору жана аэродромдор адистигине ээ болуп чыккан.
Эмгек жолу:
• 1996-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМ (ГУИН) аскердик кызматы;
• 2005-2006-жж. Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын кызматкери;
• 2015-2017-жж. “Алока Дистрибьюн” ЖЧКнын башкы механиги;
• 2018-2021-жж. Турак жай-коммуналдык чарбасынын башкы инженери;
• 2021-жылы- “Назар Строй” ЖЧКнын директорунун орун басары;
• 2021-2023-жж. Манас шаарынын мэриясынын шаардык жол башкармалыгы-курулуш бөлүмүнүн башчысы;
• 2023-жылдан бери Манас шаарынын мэриясынын жол башкармалыгынын башкы инженери;
• 2026-жылдын 26-мартынан тарта Манас шаарынын жол башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган жетекчилик кызматты Заттарбек Боронбаев аркалап келген. Ал өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду