Turmush — Нарындагы борборлоштурулган китепкана окурмандардын үйүнө чейин китеп жеткирип берип жатат. Бул тууралуу китепкананын директору Нурзат Эсенканова билдирди.
Маалыматка караганда, Нарын шаарындагы Жумагүл Коңурбаева атындагы борборлоштурулган китепкана системасында шаар аймагында 4 филиал иш алып барат. Анын жалпы китеп фонду 70 миң 407 нусканы түзөт. Учурда министрликтин талаптарына ылайык, эскирген китептерди акт аркылуу чыгаруу иштери жүргүзүлүп жатат. Ошол эле учурда китеп фондусун жаңылоо багытында мамлекеттик деңгээлде колдоолор күчөп жатканы белгиленет.
«Мекемеде 19 кызматкер эмгектенип, штаттык бирдик 17,5ти түзөт. Акыркы жылдары китепкана тармагына болгон көңүл буруу жогорулап, эмгек акыны жогорулатуу жана реформаларды жүргүзүү пландалууда. Бул өзгөрүүлөр тармактын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет деген ишеним бар.
Кадр саясатына да өзгөчө көңүл бурулууда. Улуу муундагы китепканачылардын ордуна жаш адистер тартылып, аларга китепканачылык боюнча билим алуу талабы коюлган. Кызматкерлер өз билимдерин жогорулатуу үчүн кошумча окуулардан өтүшүүдө. 2024-жылы өткөрүлгөн аттестацияда китепкана кызматкерлери жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшкөн. Китепкананын эң улуу окурманы 80 жаштан ашкан.
Мындан тышкары, китепкана кызматкерлери окурмандар менен тыгыз байланышта иш алып барып, алардын суроо-талаптарына жараша китептерди жеткирүү кызматын да уюштурушкан. Окурмандар «WhatsApp» аркылуу китепке буйрутма берип, аларды жакынкы филиалдан алып окуй алышат.
Санарип доорунун талаптарына ылайык, китепкана социалдык тармактарда да активдүү иш алып барууда. Балдар үчүн жомокторду көркөм окуу форматында даярдап, онлайн жарыялап келишет. Бул демилге кеңири колдоо таап, миңдеген көрүүлөргө жетүүдө. Бул биздин кичинекей окурмандарды тартуунун эффективдүү жолу болду. Айрым мугалимдер бул материалдарды окуу куралы катары колдонуп жатышат», - деди ал.
Ошондой эле бала бакчалар менен тыгыз иш алып барылып, жомоктор тааныштырылып, тарбиячыларга сунушталууда. Китепкананын кызматкерлери өз алдынча чакан студия уюштуруп, аудио жана видео материалдарды даярдап жатышат.
Массалык иш-чаралар китепкананын ичинде гана эмес, жай мезгилинде парктарда да өткөрүлүп, көчмө китепканалар аркылуу окурмандардын саны көбөйтүлүүдө.