Turmush — Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында жолбун ит тиштеген адамдар эмдөө алып дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Асел Кошбаева билдирди.
Анын айтымында, ит мергендер тарабынан атылган.
«24-мартта белгисиз ит тарабынан 2 адам жабыркаган. Экөөнүн тең манжаларын тиштеген. Бири көбүрөөк жабыркаган. Экөө тең убагында эмделип, дарыланып жатышат. Алар мындан ары да көзөмөлдө болуп турушат. Өзүнүн көрсөтүлгөн мөөнөтүнө жараша 3 айга чейин көзөмөлдө болуп турушат. Ал эми үчүнчү адам ит анын короосуна кирип барганда башына таш менен уруп өлтүргөн. Бирок контакт болгон эмес.
Райондо 2024-жылы 675 адам жаныбарлардын тиштөөсүнөн жабыр тарткан. 2025-жылы 104 учурга азайып, 571 факты катталган. Алардын 347сы иттерден жабыркаган. Калгандары бодо мал, эшек, майда мал, чычкан, келемиш, мышык жана башка жаныбарлардан жабыркагандан. Аталган жылдар аралыгында кутурма катталган жок», - деди ал.
Буга чейин 24-март күнү Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында 2 кишиге кол салган жолбун ит мергенчилер тарабынан атылганы кабарланган. Райондук ветеринария кызматын алардын бири жеке ветеринар болсо экинчиси аскер кызматкери экенин бидирген. Жолбун ит 25-март күнү атылган. Анализдердин жыйынтыгы менен ал кутурма оорусу менен ооругандыгы аныкталган.
Учурда ал ит үргөн жерлердеги мал-жандыктарга кутурмага каршы эмдөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болгон.