Turmush — Алай районунун Гүлчө шаарында мамлекеттик ипотекалык үйлөрдү куруу жана өндүрүш тармагын өнүктүрүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу мэр Нурсултан Тажибаев билдирди.
Анын айтымында, шаарда 2 гектар 65 сотых жер 2025-жылы укук коргоо органдары тарабынан муниципалдык баланска өткөрүлүп берилген. Учурда аталган жерге көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
«Бул жерге Мамлекеттик ипотекалык компания көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга макулдук берген. Азыр сүйлөшүүлөр кайсы этапта экенин так айта албайм. Бирок быйыл күз айларында курулуш иштерин баштоо пландалууда. Болжол менен 500 батирлүү, 7 кабатка чейинки үйлөрдү курса болот экен. Алар Гүлчөнүн Курманжан датка аймагына салынат», - деди ал.
Мындан тышкары, шаарда өндүрүш тармагында дагы жаңы долбоор ишке ашырылууда. Мэрдин маалыматына караганда, «Асфальт Бетон Сервис» ЖЧК менен мамлекеттик жеке өнөктөштүк негизинде келишим түзүлгөн. Ага ылайык, ишкана 70% үлүшкө ээ болсо, шаардык бийлик 30% үлүш менен катышат. Долбоордун алкагында асфальт жана бетон чыгаруучу завод курулат.
«Келишим түзүлүп, инвесторлор алгачкы каражаттарын которушту. Биз өз үлүшүбүз катары 4 гектар жерди өткөрүп бердик. Учурда заводдун жабдуулары алып келинип жатат. Жалпы баасы 100 млн сомду түзгөн долбоорду быйыл 31-августка чейин ишке киргизүү пландалууда», - деди Тажибаев.
Гүлчө шаарында ипотекалык үйлөрдү жана завод куруу пландалууда
Turmush в Телеграм-канале подпишись!
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.