Turmush — Бүгүн, 26-мартта Ош шаарынын мэри Жанар Акаев жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамир Исаков, Ош шаарынын прокурору эл менен жолугушту.
Маалым болгондой, анда Ош шаарынын тургуну Кайназар Ыдырысов Мажүрүм-Тал көчөсүндөгү 44 объект мурунку мэрдин тушунда алынганын айтты.
«Мен Мажүрүм-Тал көчөсүнөн келдим. Былтыркы жылдын июль айлары болуш керек, ошол кездеги вице-мэр «бизден 200 миң доллар берсеңер каласынар» деп 3 күн мөөнөт беришкен. «Кааласаңар мага бергиле, болбосо Жалал-Абаддагы «Дастан» мейманканасына алып барып бергиле» деди. Биз ошол акчаны таба алган жокпуз. 3 күндөн кийин ошол жердеги соода-сатык, ашканалардын баарын тазалап салды. 80 адам прокуратурага 11 жолу арыз жаздык, бирин дагы караган жок», - деди Ыдырысов
Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, Кайназар Ыдырысов президентке чейин кайрылганын билдирди.
«Прокуратурага бир нече жолу арыз жазган, каралган эмес. Эмнеге каралган эмес, прокуратура мага жооп берсеңер. Эгер ошол айткандар далилденсе, биз мыйзам чегинде чара көрүшүбүз керек. Ишкерлерден акча сураган, зордук-зомбулук менен үйлөрүн сатыкка кирген учурларды токтотобуз. Ишкерлерге мамиле андай болбош керек. Биз аларга жардам беришибиз керек. Кайназар мырза президентке чейин кат жазган», - деди Жанар Акаев.