Turmush — Шамалды-Сай шаарында узак жылдардан бери иштебей калган 330 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди.
Маалым болгондой, №59 «Айгүл» бала бакчасынын имараты капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөрүлүп, кайрадан пайдаланууга берилди. Аталган бала бакча 1992-жылы курулуп, ошол эле жылы пайдаланууга берилген. Кийинчерээк мекеменин ишмердүүлүгү токтоп, имарат узак убакыт бою каралбай келген.
Капиталдык оңдоп-түздөө иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, жалпы 36 млн 900 миң сомдон ашуун каражат жумшалган.