Turmush — Токмок шаарында милиционерлердин саны жетиштүү. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.
«Жаңы имаратын куруу үчүн жер тилкеси чындыгында шаардык кеңештин депутаттары тарабынан бөлүнүп берилген. Жер тилкесин документтештирүү иштери толугу менен аяктап, 2026-жылдын 25-мартында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда курулуш иштерине даярдык көрүлүүдө.
Чүй ОИИБи жана анын түзүмдүк бөлүктөрү Ички иштер министрлигинин буйруктарынын жана көрсөтмөлөрүнүн негизинде, аймактагы ыкчам кырдаалды эске алуу менен иш алып барат. Кызматкерлердин штаттык саны ар бир райондогу кырдаалга жараша бөлүштүрүлөт.
Мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында облус деңгээлинде атайын башкармалык иш алып барат.
Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун өздүк курамы коомдук коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүп, ар кандай иш-чараларда коомдук тартипти сактоого катышат. Токмок шаарындагы МКККнын кызматкерлери шаардык ИИБдин жетекчилиги алдында кызмат өтөшөт.
Мындан тышкары, МКККнын базасында туристтердин коопсуздугун камсыздоо үчүн туристтик взводдор түзүлгөн. Айрыкча кышкы-жайкы мезгилде туристтердин коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат.
Участкалык милиция кызматкерлеринин жүктөмү белгиленген ченемдерге ылайык келет: айыл жергесинде 1 кызматкерге 3 миңге чейин, шаарларда жана шаар тибиндеги калктуу конуштарда 4 миңге чейин жаран туура келет. Демек Токмок ШИИБдин учурдагы штаттык саны жүктөлгөн милдеттерге ылайык келип, кызматтык милдеттерди тийиштүү деңгээлде аткарууга мүмкүндүк берет.
2017-жылы милиция кызматкерлери үчүн курулган турак жайдын документтерин тариздөө боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Токмок шаарындагы Н.Байтемиров атындагы маданият үйүндө милиция кызматкерлери тургундары менен жолугушкан. Жолугушуунун жүрүшүндө Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова милиция кызматкерлеринин саны боюнча маселе көтөргөн.
«Токмок шаардык ички иштер кызматынын жаңы имараты үчүн жер бөлүп бергенбиз. Мына жаз келди. Мен билейин дегем, имарат куруу үчүн долбоор даярбы, качан салынат, качан бүтөт? Ичинде спорт зал, ашкана болобу?
Экинчиден биздин шаардын милиция кызматы эмнеге кыскарып жатат. 132 кыматкер бар эле, 120 эле кызматкер калды. Бул эмне менен байланыштуу? Баңгизаттарга каршы бөлүм эмнеге бек турат? Аймактык тескөөчүлөр жетишпейт. Калктын саны расмий 75000 адам. Ошого болгону 21 аймактык тескөөчү бар.
Анан ППСниктер облуска түз баш ийет экен. Алар жергиликтүү бийликке баш ийбей, кээде өзүм билемдик кылып, баш аламандык болот. Анан шаардык башкармалыкта бизде 14 эле кызматкер бар. Бизде жол кырсык көп. Эми туристтик сезон келе жатат. Алар айланма жолдо иштешет. Кыматкер жетишпейт. Ошондой эле 2017-жылы милиция кызматкерлери үчүн үй курулуп берилген. Бирок жер каттоо боюнча туура эмес болуп, азыркыга чейин документтери бүтпөй келет», - деген ал.