Turmush — Бүгүн, 26-мартта Токмок шаарында өтүп жаткан жолугушууда мал базар боюнча маселе көтөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Чүй облусунун Токмок шаарындагы Н.Байтемиров атындагы маданият үйүндө Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунун жана Кант, Токмок шаарларынын тургундары менен жолугушуу өтүп жатат. Аталган иш-чарага Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов, райондук мамлекеттик администрация башчылар, мэрлер, тиешелүү мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана аталган район, айыл аймактарынан келген жарандар катышууда.
Тургундардын айтымында, мал базар жабылганда чыгымга учурашты.
«Былтыр Токмоктогу базар жабылганда Виноградный айылына мал базардын долбоору түшкөн. Ишкерлер, соодагерлер, фермерлер ар бири 200 миң сомдон айланган бирден контейнер коюшкан. Канча чыгым болушту.
Анан айланма жолдун жээги, стратегиялык мааниси бар жер деп Токмоктун мал базарын жаап, ошол эле айланма жолдун жээгине Чым-Коргонго көчүрүп коюшту. Эмне айырма? Жанында кооптуу болгон быстроток бар. Саатына 80 км ылдамдыкта 50-60 куб суу кетет. Малын саткандан кийин кыргыздарды билесиңер, көчүгү чоңоюп кетет. Көпүрөдөн батпай, кулап кетсе эмне болот? Сөөгү Токмоктон чыгат. Ошол базарды Виноградныйга эле алып коюшкан. 19 гектар жер бөлүндү, кенен жер. Чым-Коргонго баланча миллион сом бөлүп беришти дешти», - деди тургундар.
Жашоочуларга Чүй районунун акими Эмилбек Абдыкадыров жооп берди.
«Виноградный айылындагы мал базар бардык тарабынан келечеги бар деп ишенем. Кеминдин базары боюнча эч нерсе айталбайм. Биз бул боюнча губернаторго кайрылганбыз», - деди ал.
Чүй ОИИБдин башчысы Каныбек Абдырахмановдун айтымында, Токмок шаарындагы мал базарда шарттар болгон эмес.
«Көп жылдан бери Нарын, Ысык-Көл облустарынан баары Токмок шаарындагы мал базарга келишчү. Бирок бир дагы шарт түзүлгөн эмес. Ээси бир да жолу карап койгон эмес. Стратегиялык жол аркылуу канча деген коноктор келет, канча деген туристтер өтөт. Ишемби жана дем алыш күнү унаа эмес, киши өтө албай калат. Ошондуктан президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилигинин чечиминин негизинде көчүрүлгөн. Бул жерде талаш-тартыш, Чым-Коргондо да, Сайлыкта да базар болуп жатат деген маселени көтөрүп жатасыздар. Талашып-тартышпай, шарт түзөлү», - деди ал.
Turmush 2026-жылдын январь айынын аягында Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылындагы жаңы мал базар иштеп баштай турганын жазган.
Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Дубанаев мал базар 24–25-январь күндөрү иштей турганын айткан.
«Сокулук жана Токмок тараптан келгендер айланма жол аркылуу эле келсе болот — жол боюнда көрүнүп турат. Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облусунан келгендер айланма жолго чыкпастан Бишкек—Нарын—Торугарт ички жолу аркылуу айылдын ичинен, көрсөтүлгөн көрнөкчөлөр боюнча кирип келсеңиздер болот», - деген ал.
Жаңы мал базар 11 гектар аянтты ээлейт. Анын ичинен 5 гектары түздөн-түз мал базар үчүн каралса, калган 6 гектар аянтка ашкана, дүкөндөр, курулуш материалдарын саткан жайлар жана башка соода объектилери жайгаштырылат.
Токмок шаарындагы мал базар жоюлуп, анын ордуна Чүй районунун Виноградный айылында жана Кемин районунун Чым-Коргон айылында жаңы мал базарлар курулуп баштаган.
Turmush 2025-жылдын декабрь айынын аягында Токмок шаарындагы мал базар башка жерге көчүрүлүп, анын ордуна көп функционалдуу имараттар курулары маалымдалганын жазган. Бул тууралуу Токмок шаарынын мэри Алтынбек Эргешов базардын соодагерлери менен болгон жолугушууда билдирген.
Чүй райондук мамлекеттик администрациясы Токмок шаарынан көчүрүлө турган жаңы мал базар Чүй районундагы Виноградный айылынын күн чыгыш тарабында куруу пландалып жатканын билдирген.
- Токмок шаарындагы мал базар өлкөнүн түштүгүндөгү эң ири мал базарлардын бири болчу.
Ал эми мэрия Токмок шаарындагы жеке менчик мал базарын 2026-жылдын 1-январынан тартып жабуу тууралуу чечим кабыл алынганын билдирген.
Маалыматка ылайык, аталган чечим Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган.
«Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында рыноктун ишмердүүлүгү коммерциялык негизде жүргүзүлүп, айыл чарба жаныбарларын жайгаштыруу жана сатуу үчүн акы алынганы аныкталган. Ошол эле учурда рыноктун менчик ээлери (ижарачылары) инженердик, санитардык жана ветеринардык инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоо үчүн зарыл болгон инвестицияларды камсыз кылышкан эмес.
Рынокту жабууга ветеринардык-санитардык, санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык талаптардын системалуу түрдө бузулушу, ошондой эле объекттин коопсуздук жана инфраструктура боюнча белгиленген нормаларга жооп бербегени негиз болгон», - деп айтылган маалыматта.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө төмөнкү кемчиликтер аныкталган:
• айыл чарба жаныбарларын кармоо жана сатуу үчүн тийиштүү шарттардын жоктугу;
• жугуштуу жана өзгөчө кооптуу оорулардын жайылышына коркунуч жараткан ветеринардык эрежелердин сакталбаганы;
• аймактын санитардык абалынын канааттандырарлык эмес экени;
• коомдук пайдалануудагы жайларда, анын ичинде дааратканаларда элементардык санитардык-тиричилик шарттардын жоктугу;
• дренаждык жана суу агызуучу тармактардын жоктугунан улам агынды суулардын топтолуп, аймактын булганышы;
• шаар куруу жана жер мыйзамдарына ылайык соода объектилерин жайгаштыруу талаптарынын бузулушу;
• рынок иштеп турган аймакта жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чараларынын көрүлбөгөнү.
2026-жылдын 18-март күнү Токмоктогу тургундар мал базарды кайра жандандырып берүүнү айтып, жабылган мал базардын аймагына чогулушкан.
Алар мал базарды кайрадан иштетүү өтүнүчү менен кайрылып, анын шаар экономикасы жана жергиликтүү ишкерчиликти өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн белгилешти. Бул базар шаардык бюджеттин кирешесин түзүүдө жана аймактагы айыл чарбасын колдоодо маанилүү ролду ойнойт.