Turmush — Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Нур айылынын тургундары кооптуу бурулушка жол чырак орнотуп берүүнү суранышты.
Бүгүн, 26-мартта Чүй облусунун Токмок шаарындагы Н.Байтемиров атындагы маданият үйүндө Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунун жана Кант, Токмок шаарларынын тургундары менен жолугушуу өтүп жатат. Аталган иш-чарага Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов, райондук мамлекеттик администрация башчылар, мэрлер, тиешелүү мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана аталган район, айыл аймактарынан келген жарандар катышууда.
Нур айылынын тургундарынын айтымында, жакынкы күндөрү эле 3 жол кырсык катталды.
«Бишкек—Нарын—Торугарт жолунан оңго Нур айылына бурулабыз. Ошол бурулушта көп жол кырсык болот. Жакын арада эле 3 жол кырсык катталды. Анын биринде адам өмүрү кыйылды. Ушул жерге жол чырак коюп беришиңиздерди суранабыз. Жөө адам дагы, унаа дагы кайрылып дароо кирип кете албайт», - деди алар.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү ал жер эл аралык маанидеги жол экенин жана саатына 60-70 км ылдамдык менен айдоо боюнча белгилер коюлганын билдиришти.
Ал эми Чүй ОИИБдин башчысы Каныбек Абдырахманов кызматкерлерге аталган аймакта күнү-түнү кызмат кылууну тапшырды.
«Тиешелүү талаптар аткарылып, мыйзам жол берсе, жол чырак, камералар коюлганга чейин күнү-түнү ошол жерде иш алып барасыңар», - деди ал.