Turmush — Бүгүн, 26-мартта Ош шаарындагы Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык драма театрында «Коопсуз кадам — жаркын келечек» аталышындагы форум өттү
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын жетекчилиги, Ош ШИИБдин башчысы Дамирбек Исаков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, окуучулар жана шаар тургундары катышты.
Форумдун жүрүшүндө жол коопсуздугуна арналган сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугуна салым кошкон жарандар сыйланышты.
Маалыматка караганда, Ош шаарында жыл башынан бери жаш балдардын катышуусунда 14 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 1 бала каза болуп, 16 өспүрүм ар кандай жаракат алып, ооруканага кайрылган.