Turmush —
Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө шаарында канализация системасын куруу жана таза суу тармагын жакшыртуу боюнча ири инфраструктуралык долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Turmush басылмасына шаар мэри Нурсултан Тажибаев билдирди.
Анын айтымында, долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан гранттык негизде каржыланып, шаар үчүн кайтарымсыз каражат болуп эсептелет. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 55 чакырымды түзгөн таза суу линиясы толугу менен жаңыланып, жаңы канализация системасы курулат. Курулуш иштерин баштоо быйылкы күз айларына же кийинки жылдын жаз мезгилине пландалууда.
Белгиленгендей, канализация системасы негизинен шаардын борбордук бөлүгүн камтып, өзгөчө Курманжан датка аймагы дагы кошулат. Анткени аталган аймакта көп кабаттуу турак жайлардын курулушу каралууда.
Мындан тышкары, тазалоочу курулманын курулушу да долбоордун маанилүү бөлүгү болуп, анын болжолдуу баасы 600 млн сомду түзүшү мүмкүн.
Шаар мэринин айтмында, бул демилге шаар тургундарын сапаттуу инженердик инфраструктура менен камсыз кылууга жана Гүлчө шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошору күтүлүүдө.
- Гүлчө шаарынын калкы 23 миң 601 адамга жетти. Шаардын жалпы аянты 35 гектарды түзүп, Гүлчө өлкөдөгү 34-шаар болуп расмий макам алган. Шаар статусу 2025-жылдын 25-сентябрында берилген.
Калаа башчысы белгилегендей, шаар макамын алуу Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси менен туш келген. Бул мааракенин алкагында мамлекет тарабынан Гүлчөнүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө 500 млн сом каражат бөлүнгөн.
Аталган каражаттын:
- 340 млн сому жолдорду оңдоого;
- 110 млн сому 100 орундуу бала бакча курууга;
- 50 млн сому маданият үйүнүн артындагы эс алуу багын реконструкциялоого багытталат.