Turmush — 24-мартта түндө Каракол шаарында эне менен кызды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Маалыматкак араганда, кырсык Ж.Абдрахманов көчөсүндө болгон. Ал жер караңгы болгондуктан түнкү жарыктандырууну коюш керек.
Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, кырсык саат 23:50 чамасында болгон. Каракол шаарынын 1991-жылы туулган тургуну тургуну А.У.Т «Хонда Фит» унаасын айдап бара жатып, жөө өтмөктөн өтүп бара жатышка 1988-жылы туулган С.М.С. менен 2016-жылы туулган А.А.С.ны сүзүп алган. Алар жаракат алып, Каракол шаарындагы ооруканага кайрылышкан.
Бул жол кырсыгы Каракол ШИИБге катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.