Turmush — Жалал-Абад облусуна 1500 ветеринар керек. Бул тууралуу Turmush басылмасына Сузак райондук ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын башчысынын орун басары Илхом Турсункулов билдирди.
Анын айтымында, ушул тапта дубанда 259 жеке менчик ветеринар мамлекеттен айлык албай, акысыз иштеп жатат.
«Баарына маалым болгондой, биздин облуста мал чарбачылыгы жакшы жолго коюлган. Ушул тапта дубанда расмий каттоого алынган 349 миң бодо мал бар. Бирок 259 эле ветеринар бар. Ар бир ветеринардык дарыгерге 800 баш мал туура келет. Мындай көрүнүш адистердин жумушун татаалдантат. Биздин эсепте облуска 1500 мал доктуру керек. Ушул тапта жаш адистерди даярдоо боюнча жогорку окуу жайлар менен сүйлөшүүлөрдү алып баруудабыз», - деди ал.
Илхом Турсункулов облуста мал арасында илдет катталганын кошумчалады.
«Буга чейин өлкөдө мал арасында оору катталып, илдеттин бир толкуну февраль айынын аягында күч алды. Адистер оорунун очогу Чүй жана Нарын облусу экенин айтып жатышат. Илдеттен бизден облуста да фермерлер жапа чекти. Бирок мал ээлери жана ветеринарлар өз убагында дарылап, оорунун күч алышына жол берилген жок. Алдыңкы бир ай аралыгында министрлик тарабынан малдын шарп оорусуна каршы дагы бир ири партия вакцина келээри айтылып жатат. Ал келсе, жер-жерлерде эмдөө өнөктүгү күч алат. Ушул тапта биздин облуста эпизоотологиялык абал туруктуу», - деди Турсункулов.
-------------------------------------------------------------------
Turmush 2026-жылдын март айынын башында Чүй облусунун айрым райондорунда фермерлер сүттү ишканаларга өткөрө албай жатканы айтылып жатканын жазган.
Көп жылдан бери уй багып келе жаткан фермер Элмира Абдыжапарова белгисиз оорудан улам уйлардын дене тарбы көтөрүлүп жатканын айткан.
«Уйлардын дене табы көтөрүлүп, музоо ыргытып, оозу, буту, желиндери ооруду. Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл катуу болду. Менин чарбамда уйлар бир сыйра ооруп айыкты. Текшерүүдөн өткөндөн кийин биздин уйдун сүттөрүн ишканалар алып баштады. Ооруп жатканда өзүбүз деле сатпайбыз да.
Негизи быйылкы вакцина эмнегедир начар таасир бергенин мал доктурлар айтып жатышат. Ошондуктан оору күчөп кетти. Мунун айынан казактар чек араны жаап, Россия аркылуу бизге мал кирбей калды. Мал кымбаттап кетти, мунун артынан эт да кымбаттайт. Өкмөт милдеттүү түрдө ар бир үйдөгү малды кароого алып, эмдөө жүргүзүшү керек. Ким билет, айрымдар акчасын аяп, дарылатпай жүрүшү да мүмкүн», - деген ал.

Ал эми Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда, район аймагында республика боюнча эң чоң делген сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишкана жайгашкан. Ошондой эле Канттагы сүт заводу бар.
«Биз ушул эки ишкананын жетекчилеринен маалыматты тактадык. Анда алар бардык фермерлерден сүт алынып жатканын билдиришти. Белгисиз ылаң боюнча абал туруктуу, ылаңга шектүү малдар ветеринардын көзөмөлүндө, вакцинациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда ишканалар сүттү майлуулугуна жараша 42-44 сомго чейин сатып алышууда», - деп айтылган маалыматта.
Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынан район аймагында сүттү кайра иштетүүчү 3 ишкана бар экенин билдиришкен.
«Ал ишкананын баары сүттү кабыл алып жатат. Районубузда белгисиз ылаң боюнча абалы туруктуу. Ылаңга шектүү мал ветеринардык адистердин көзөмөлүндө. Вакцинациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Сүттү майлуугуна жараша 42-47 сомго чейин баалап өткөрүшөт», - деп айтылган маалыматта.
Чүй райондук администрациясынын маалыматы боюнча, Чүй району боюнча 1 ишкана бар. Ал «Быков» сүттү кайра иштетүүчү орто ишкана. Райондогу ѳндүрүлгѳн сүттүн 5% гана райондо иштетилет, калган 95% Ысык-Ата районундагы «Умут и Ко», «Кант Сүт» сүттү кайра иштетүүчү ишканаларга ѳткѳрүлѳт. Сүттү майлуулугуна жараша 40-42 сомго чейин алышат.
Акимчиликтин маалыматына караганда, белгисиз ылаң боюнча абал туруктуу. Ылаңга шектүү малдар ветеринардын көзөмөлүндө, аакцинациялоо иштери жүргүзүлүүдө.
Аламүдүн райондук администрациясы билдиргендей, «Мотой» аталышындагы сүт иштетүүчү ишкана бар. Учурда ал сүт ишкана элден сүт алып жатат.
Эпизоотиялык абал туруктуу, вакцинация жүрүп жатат жана абал мал доктурлардын көзөмөлүндө. Фермерлер сүттү майлуулугуна жараша 38-40 сомдон өткөрүүдө.
Кемин райондук мамлекеттик администрациясы билдиргендей, райондо сүттү кайра иштететкен бир ишкана бар. Ал — «Юнайтед Фуд Альянс» жоопкерчилиги чектелген коому.
Ылаң аныкталган учур болгон жок. Вакцинация убагында жүрүп жатат. Фермерлер сүттү майлуулугуна жараша 40-44 сомдон өткөрүүдө.
----------------------------------------------------------------------
2026-жылдын февраль айынын ортосунда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы тургундар уйлар белгисиз оору менен ооруп жатканын айтышкан.
«Бул жолу абдан күчтүү чыкты. Мурун уйлардын оозу гана жабыркаса, азыр эмчектери эзилип, туяктары кесилип, баса албай, абалы өтө оор болуп жатат. Фермерлер эмне кылышты билбей, айласы кетип турат. Оору күндөн-күнгө күчөп, эртерээк чара көрүлбөсө абал мындан да курчушу мүмкүн. Азыр оору койлорго да жуга баштады.
Мисал катары айтсам, менин 5 уюм, 5 торпогум ооруп жатат. Агамдын 10 ую жана торпоктору ооруп жатат. Жакынкы айылдарды сурап чыксам, дээрлик бардык жерде ушундай абал. Айтымдарга караганда, малдын 80% ооруп калган», - деген Ат-Башы районуна караштуу Калинин айылынын тургуну Айбек Жумалиев.
Ат-Башы районунун тургуну Уланбек Сокеев малга сайылып жаткан дарылар эч кандай жардам бербей жатканын билдирген.
«Учурда уй, кой, жаш козуларга чейин ооруп жатат. Сайылып жаткан дарылар эч кандай жардам бербей жатат. Эл малынан ажырап, чыгымга учурап жатат. Жайыттар булганууда. Өлгөн малдын өлүгүн өрттөп жок кылуу иштери системалуу жүргүзүлсө жакшы болмок. Ветеринардык дарыканалардагы дарылар эмне себептен жардам бербей жатканы көзөмөлгө алынса туура болот эле.
Андан сырткары, колбаса цехке деп арык малдын же өлө электе муздап союп койгон малдын этин алышса кандай болот?», - деген ал.
Нарын облустук ветеринардык башкармалыгы бул оорулар боюнча изилдөө жүрүп жатканын билдирген болчу.
«Жер-жерлерде ооруп жаткан малдар катталууда. Бул багытта адистер тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат. Учурда оорунун так диагнозун аныктоо максатында А.Дүйшеев атындагы илимий институт тарабынан лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө», - деп айтылган маалыматта.
Ат-Башы районунун акиминин айыл чарба иштери боюнча орун басары Кенжебек Качкынбаев бул ооруну айыктырса болорун айткан.
«Бул ылаң учурда республика боюнча катталууда. Биздин районго бул оору өткөн жумадан тарта келе баштады. Бул оору мурункуга салыштырмалуу тез жугат. Уй малына азырынча вакцина сайыла элек.
Өз тажрыйбабыздан айта турган болсок, бул оору дарыланат. Пенициллин, бициллин жана атайын спрейлер менен өз убагында дарылап, тез арада айыктырууга болот.
Буга чейин Чүй жана башка облустарда катталган. Бүгүнкү күндө Нарын облусуна да жугуу процесси жүрүп жатат. Бирок айыгып жаткан малдар да бар. Кудай буйруса жакын арада вакцинация келип калса, бардык мал дарыланып, абал турукташат», - деген ал.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы бул маселе боюнча келе жаткан дүйшөмбү күнү толук маалымат берилерин, азыр лабораториялык изилдөөлөр жүрүп жатканын билдирген.
Кийинчерээк Кыргызстандын ветеринардык кызматы Чүй облусунда жаныбарлардын кооптуу ооруларынын жайылышы тууралуу жаңылыктарга комментарий берип, калкты дүрбөлөң салбоого чакырган.
Эпизоотияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башкы адиси Дайыркул Саткынов радио аркылуу берген маегинде учурда өлкөдө үзгүлтүксүз эмдөө жүргүзүлүп жаткан ылаңдын түрлөрү катталган жок, деп билдирди.
«Шарп биздин көзөмөлүбүздөгү негизги оорулардын бири болуп саналат жана ветеринарлар анын жети түрү бар экендигин билишет. А, О жана Азия-1 түрлөрү боюнча өлкөдө абал таза, муну мен толук кепилдик менен айта алам», - деген адис.
Анын айтымында, жаз мезгили салттуу түрдө малдын иммунитетинин төмөндөшү менен коштолот, ошондуктан ооз көңдөйүнүн кадимки сезгенүүлөрү көбүнчө кооптуу инфекция катары жаңылыш кабыл алынат.
Адис ошондой эле мамлекеттик деңгээлде диагноз тастыкталган учурда олуттуу кесепеттер болорун белгиледи.
«Эгер шарп расмий түрдө аныкталса, коңшу мамлекеттер — Казакстан, Өзбекстан, Россия, Тажикстан — биздин тирүү малдарыбыз үчүн 3 жылга чек араларын жабышат. Эт жана сүт азыктарын экспорттой албай калабыз, андыктан бул маселе ветеринардык гана эмес, саясий да маселе», - деп кошумчалады мекеменин өкүлү.
Саткынов эгерде мал арыктабаса, шарп өзү жаныбарлардын массалык өлүмүнө алып келбестигин түшүндүрдү. Оору шектелген учурда ээлерине дароо жергиликтүү адистерге кайрылуу сунушталды.
«Шарп өзү 3-4 күндө грипп сыяктуу эле өтөт. Эгер коңшуларда шектенүүлөр болсо, убара тартпай — уйларыңыздарды жана музоолоруңузду марганцовка же туз менен сүртүңүздөр, анткени жазында кургак чөптөн улам көбүнчө кадимки стоматит учурлары көбөйөт», - деп жыйынтыктады Дайыркул Саткынов.