Turmush — Чүй облусунун чыгыш зонасындагы жетекчилер бир жерге чогулуп, жашоочулардын көйгөйлөрүн угуп жатышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, президент Садыр Жапаров тарабынан жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, алардын арыз-даттанууларын сапаттуу жана өз убагында кароо боюнча берилген тапшырмалардын алкагында аймактарда эл менен жолугушуулар уюштурулууда.
Белгиленген графикке ылайык, бүгүн, 26-мартта Чүй облусунун Токмок шаарындагы Н.Байтемиров атындагы маданият үйүндө Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунун жана Кант, Токмок шаарларынын тургундары менен жолугушуу өтүп жатат.
Аталган иш-чарага Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов, райондук мамлекеттик администрация башчылар, мэрлер, тиешелүү мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана аталган район, айыл аймактарынан келген жарандар катышууда.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар тарабынан жер, газ жана суу маселелери көтөрүлүп, тиешелүү жетекчилер тарабынан түшүндүрмөлөр берилип, айрым маселелерди чечүү боюнча тапшырмалар берилди.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахмановдун айтымында, бүгүнкү жыйындын максаты — жарандардын арыз-муңдарын жеринен карап, чечип берүү.
«Жыйынга Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунун жана Токмок, Кант шаарынын тургундары келип отурушат. Биз алардын арыздарын протоколго түшүрүп, жергиликтүү бийлик менен бирге туура жана түз жооп бергенге аракет кылабыз», - деди ал.