Turmush — Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айыл аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, айыл аймактагы турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө демөөрчү тарабынан 15 миң сомдон берилди. Жалпы 20 жаранга 300 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү.
Айыл өкмөттө буга чейин да турмуш шарты оор, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлүп келген.