Turmush — Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык академиялык драма театрында «Жол эрежесин сактоо ар бир жарандын милдети» аталышындагы форум өттү.
Аталган форум жол-транспорт кырсыктарын азайтуу, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында уюштурулду.
Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Нарын шаарынын мэриясынын жетекчилиги, Нарын ОИИБдин башчысынын орун басары, Рахат Мурзакматов, Нарын ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Нурбек Салымбаев, ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, студенттер жана мектеп окуучулары катышты.
Форумдун жүрүшүндө катышуучуларга жол кырсыктарынын кесепеттерин чагылдырган кыска метраждуу тасма көрсөтүлүп, жол коопсуздугун сактоо боюнча сахналаштырылган сценка тартууланды. Ошондой эле патриоттук чыгармалар жаңырып, жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү командасы өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.