Turmush — Сулайман-Тоодогу көрүстөндөрдүн темир тосмолору, дубалдары алынат. Бул тууралуу «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директору Медербек Апарханов бүгүн, 25-мартта музей комплексти реконструкциялоо боюнча долбоорду талкуулоо иш-чарасында билдирди.
Анын айтымында, тоодогу көрүстөндөр баш аламан болгондуктан, арасында чуңкурчалар пайда болуп, жолбун ит-мышыктардын жашай турган жайга айланган. Аталган жайды таза кармоо максатында мүрзөлөрдүн үстүндөгү темир тосмолор, дубалдар, ашыкча буюмдар алынат.
«Биз азыр иретке келтиребиз деген башкы мазар Сулайман-Тоонун түштүгүндө жайгашкан. Ал эми түндүгүндө «Бала мазар» жана «Кайып мазар» бар. Биринчи этабда мазардын үстүндөгү темир тосмолорду алып, иреттеп алсак деген пландар болуп жатат. Анткени ал тосмолорду албасак, арасында узун болуп өскөн чөптөр күздө куурап, өрт чыгып кетүү коркунучу жогору. Биз азыр колубуз жеткен жерге чейин куураган чөптөрдү тазалайбыз. Колубуз жетпей калган, чуңкурлары көп жерлердеги чөптөр калып калып, анча-мынчада өрт чыгып жатат. Бул жакка өрт кызматы да кире албайт. Ошону үчүн учурунда өчүрө албай жатышат.
Анан калса мүрзөлөрдүн арасында чуңкур болуп калган жерлер бар. Анда жолбун ит-мышыктар жашайт. Эгер өлүп калса, антисанитардык абал жаралып, оору чыгуу коркунучу жаралууда», - деди ал.
Апарханов ошондой эле бул маселе боюнча жумушчу топ түзүлүп, биринчи отурум өткөнүн кошумчалады. Анын айтымында, Муфтияттын фатвасы чыгып, Ош шаарындагы 145 мечитте Сулайман-Тоодогу көрүстөндөр иреттелери боюнча баяндамалар жасалат.
«Апрель айында иретке келтирүү иштерин баштайбыз», - деди ал.
Turmush «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси реконструкциядан өтө турганын жазган.
Бүгүн, 25-мартта музейди реконструкциялоо иштеринин долбоору тааныштырылды.
Долбоор 12 бөлүктөн туруп, 3 этапка бөлүнөт. Биринчи этапка гольфкарлардын жолун куруу, Бурхия мавзолейин, Суу дарбазасын оңдоо, акыркы коло дооруна таандык эстеликтерди, Үңкүр музейинин жолун оңдоо кирет. Биринчи этаб боюнча 2026-жылдын 30-апрелинде курулуш иштерин баштоо үчүн тендер жарыяланат.
Экинчи этапта тоо дарбазасын, от дарбазасын, тоо жолун оңдоо, административдик имаратты, этнографиялык музейди оңдоо кирет. Экинчи этап боюнча курулуш иштери баштоо үчүн 1-июнда тендер жарыяланат.