Turmush — Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынын балбаны Байэл Рысбеков бүгүн, 25-март күнү Бишкекте өткөн эл аралык мелдеште коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Анын машыктыруучусу Чыңгыз Жамаловдун айтымында, Бишкек шаарындагы Кожомкул Каба уулу спорт сарайында СССРдин спорт чебери, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу Раджап Жанаевдин жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш уюштурулду.
«Бул мелдеш 29 жылдан бери өтүп келет жатат. Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн келген өспүрүм балбандар катышты. Мелдешке жалпы 7 балбанды алып баргам. 17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Байэл Рысбеков өзбек балбаны менен коло медаль үчүн күч сынашып, соңунда жеңишке жетишти. Байэл буга чейин дагы бир катар эл аралык мелдештерде алтын медалдарды алып келген», - деди Жамалов.