Turmush — Кемин шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу жана тургундардын ден соолугуна кам көрүү максатында, Өтмөк-База аймагындагы таштанды полигонун жабуу жана рекультивациялоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдывалиевдин айтымында, учурда полигонду иретке келтирүү жана көмүү иштерине атайын техникалар тартылып, тийиштүү жумуштар жүрүүдө.
«Аянты 2 гектар жер. 10 жылдан ашуун убакыттан бери бул жерге таштанды тѳгүп, колдонуп келгенбиз. Бул жакты тазалап, үстүн шагыл-топурак менен кѳмүп, рекультивацияга даярдап атабыз. Корей инвесторлор менен бир долбоор иштеп жатабыз. 2026-жылдын аягы 2027-жылдын башы менен таштанды тазалап, сорттоочу завод курулат. Анын кѳлѳмү Кемин районуна жетет деген план бар. Бул жер болсо 1 жуманын ичинде тазаланып, кѳмүлѳт. Ал эми учурда чыккан элдин таштандыларын башка жерге убактылуу ташып турабыз», - деди ал.