Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын кире беришиндеги габиондук торлор жыртылып, таштар жол боюна кулады. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.
Ал эми Өзгөн шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлк башкармалыгынын жетекчиси Манас Койчукулов Turmush басылмасына берген комментарийинде торлор кайра калыбына келтириле турганын билдирди.
«Бул торлор демөөрчү тарабынан жасалган. Мэриядан акча каражаты бөлүнгөн эмес. Эки күн катар жаан жаагандыктан таштар кулаптыр. Демөөрчүлөр жакынкы күндөрү оңдоп беришет. Учурда усталарды күтүп жатышыптыр», - деди ал.
Койчукулов тосмо 2025-жылдын август айында жасалганын кошумчалады.
- Габиондук торчо — бул зымдан токулган, таш толтурууга арналган тор. Ал дарыя жээктерин бекемдөө, селден коргоо, жол курулушу жана эрозияга каршы инженердик курулмаларда колдонулат.