Turmush — 24-март күнү Чүйдө жол кырсыкка кабылган адамдын туугандары изделип жатат.
Маалым болгондой, Чүй облусунун айрым айылдарындагы WhatsApp тайпаларга аты-жөнүн билбеген белгисиз жаран жол кырсыкка кабылып, ооруканага түшкөнү, анын жакындары изделип жатканы кабарланган.
Ал Чүй районундук жалпы дарыгерлер практикалоо борборуна жаткан. Аталган оорукананын дарыгерлери, аталган жаран 24-март күнү түшкөнүн, бирок алгачкы жардамдан кийин эч кимге айтпай кетип калганын билдиришти.
«А.Т деген жаран баш мээ жаракаты менен түшкөн. Дарыгерлер алгачкы жардамды көрсөтүп, палатага жаткырышкан. Бирок бейтап, өз каалоосу менен эч кимге айтпай кетип калган», - деп айтылат маалыматта.
Орловкалык тургундар бул киши аталган шаардан болорун билдиришти.
«Бул бала Орловка шаарынын тургуну. Өзү жакшы эле жүргөн. Жакында эле инсульт алып оорукчан болуп калды. Оорукчан болуп калгандан кийин ар кайсы жакта жүрөт», - деди алар.
Милиция маалыматты тактап жатат.