Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жеңиш—Жайыт—Ак-Терек унаа жолунун 3-чакырымында асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, жалпы узундугу 36 чакырымды түзгөн бул жол райондун инфраструктурасы үчүн чоң мааниге ээ.
Учурда 28–30-чакырым аралыгында жолду кеңейтүү жана анын негизин даярдоо иштери активдүү жүрүп жатат. Бул иштер “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №35 жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Аталган долбоор 2026-жылга карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин титулдук тизмесине кирген алгачкы иштердин бири болуп саналат.