Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарында 2025–2026-жылдардын күзгү-кышкы жылуулук берүү мезгили 2026-жылдын 25-мартынан тартып аяктайт. Бул тууралуу аймактык мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, мэрия тарабынан тескеме кол коюлду. Мындай чечим абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8°С жогору болгондугуна байланыштуу кабыл алынды.
Жылуулук берүү мезгили аяктагандан кийин «Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы» муниципалдык ишканасы тарабынан от жагуучу жайларда жана жылуулук тармактарында оңдоо жана даярдык иштер жүргүзүлөт.
Ошондой эле жылуулук жана ысык суу кызматтары боюнча дебитордук карыздарды жоюу боюнча иштер күчөтүлөт.