Turmush — Калык Акиев атындагы Жумгал райондук музыкалык драма театрынын директору Аида Абдыкеримова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, ал бул кызматка 2013-жылы келген.
Абдыкеримова 1973-жылы Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 3 жыл Фрунзе хореографиялык мектебинде окуп, 2002-жылы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин орус тил жана адабияты мугалими кесибине ээ болуп чыккан. Жогорку категориядагы мугалим. Учурда ал борбор калаада жеке менчик мектептердин бирине мугалим болуп кызматка орношкон.
Эмгек жолун 1996-жылы бала бакчасында тарбиячы болуп баштаган. Чаек айылындагы "Жоогазын" жана "Байчечекей" балдар бакчасында чет тилинен мугалим болуп иштеп, андан соң М.Алыбаев, Т.Турсунбаева жана О.Ногойбаев атындагы орто мектептеринде мугалим болуп иштеген. Мугалимдик кесибинин арты менен окуу тарбия иштери боюнча бөлүм башчыдан директордун орун басары кызматына чейин көтөрүлгөн.
Үй-бүлөлүү, 5 баланын апасы.