Turmush — Сүлүктүдө кылмыштын изи сууй электе уурулук фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 22-мартка караган түнү Сүлүктү шаарынын 55 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз жарандар өзү жашаган үйүнөн 1 млн 480 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, кылмышка шектүү катары Сүлүктү шаарынын тургуну Н.С. Бишкек шаарына жөнөп жатканда автобекеттен кармалды.
Уурдалган акча толугу менен жабырлануучуга кайтарылып, учурда тергөө иштери улантылууда.
Подозреваемый Н.С.