Turmush — Баткендеги алдамчылыкка шектелген адам Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Баткен районунун 2 тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Алар Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну С.Т. ишенимге кирип, Чет-Булак жана Аэропорт кварталдарынан арзан баада жер алып берүүнү убада кылганын айтышкан.
Тактап айтканда 2025-жылдын 8-августунда Бужум айылынын тургунунан Чет-Булак кварталынан жер алып берем деп 1 млн 800 миң сом, 2023-жылдын 14-мартында Кара-Бак айылынын тургунунан Аэропорт кварталынан жер алып берем деп 824 миң сом акча алдап алган. Бул факты 2026-жылдын 12-мартында Баткен ШИИБде катталып, тергөө иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 1981-жылы туулган тургуну С.Т. Бишкек шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылууда.