Turmush — Ысык-Ата районуна караштуу Бирдик айылындагы фермердин Хаммер аттуу кочкору ээсин чоочутту.
Маалым болгондой, арашан породасындагы кочкор дем албай, бир калыпта жатып ээсин чочутуп жибергени видеого тартылган.
Интернет колдонуучулар, «кочкордун атын Пранкер деп аташ керек», «Арашанчылар мындай тамашакөй кочкорлор менен жүрөк оорулуу болуп каласыӊар го», «Мини стресс», «Вся жизнь перед глазами пролетела», «Катуу ойго баткан кочкорго» деген өӊдүү пикирлерин жазышууда.
Turmush буга чейин Кыргызстанда арашан кой тукумун багуу - мал чарбачылыгынын багыттарынын бири болуп саналаарын, мында бир койдун баасы 10 миңдеген долларга жетиши мүмкүн экенин жазган.
2021-жылдын апрель айында Кыргызстандын Айыл, суу чарба жана регионалдык өнүктүрүү министрлиги «Арашан» деген жаңы кыргыз эт-майлуу кой тукумун каттаган.
Бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн.
«Арашан» породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.
Республика боюнча «Арашан» породасындагы койлордун жалпы саны 5800 баштан ашат. Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.