Turmush — Ош технологиялык университетинде үч спартакиаданын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү.
Маалым болгондой, иш-чараны университеттин ректору Жанболот Турсунбаев иш-чараны ачып берип, Спартакиаданын жеңүүчүлөрүн куттуктап, жаштарды сергек жашоого жана спорт менен активдүү алектенүүгө чакырды. Салтанаттуу иш-чарада маданий-эстетикалык борбору тарабынан концерттик программа тартууланды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Спорттук иш-чарага университеттин кесиптик бирлик комитети колдоо көрсөтүп, белектерин ыйгарды.
Спартакиаданын жыйынтыгы боюнча:
I курстун студенттери арасында:
I орун – Гуманитардык-технологиялык колледж
II орун – Технология жана жаратылышты пайдалануу институту
III орун – Архитектура жана курулуш институту
Институттар арасында:
I орун – Гуманитардык-технологиялык колледж
II орун – Технология жана жаратылышты пайдалануу институту
III орун – Архитектура жана курулуш институту
Окутуучулар жана кызматкерлер арасында:
I орун – Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институту
II орун – Гуманитардык-технологиялык колледж
III орун – Административдик-башкаруу персоналы.