Turmush — Жалал-Абад облусунун Манас шаарында 10 млн сомго «Даңк» аллеясы курулат. Бул тууралуу Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын достук паркында уюштурулган эл аралык «Эскерүү багы» акциясында айтылды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн, Манас шаарынын жетекчилиги, Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин, диаспара өкүлдөрү, шаар тургундары жана студенттер катышты. Иш-чарада Улуу Ата Мекендик согуштун, Баткен окуясынын, Чернобыль апаатынын, Аскер-Деңиз флотунун жана башка тарыхый окуяларга арналган эстеликтерди орнотуу үчүн бөлүнгөн аймакта көчөт тигүү акциясы да өттү.
Шаар мэринин орун басары Уларбек Исмаилов аталган парктан 60 сотых жер тилкеси аллея куруу үчүн бөлүнүп берилгенин айтты.
«Баарына белгилүү болгондой, буга чейин Жеңиш эс алуу багынын ичинде тарыхый окуяларга арналган эстеликтер бактын ар кайсы бөлүгүнө орнотулган болчу. Аталган парк реконструкцияланып жаткандыктан, былтыркы жылы Достук паркынан жер бөлүп, аллеянын долбоорун даярдап, тендер жарыялаганбыз. Жакынкы күндөрү курулушту ким ишке ашыраары аныкталат», - дейт Исмаилов.
2024-жылдын 26-октябрында Жалал-Абад шаарында [учурда Манас шаары] Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын достук паркынын ачылыш аземи өткөн. Иш-чара 26-октябрь — шаар күнүн утурлай уюштурулган.
Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, парктын аймагы 8,2 гектарды ээлейт. Сейил бакта аянтчалар, оргума, веложол, балдар ойноочу аянтча, арт-объектилер жана эс алуу зоналары жайгашкан. Ошондой эле ак-дарактардын жана гүлдөрдүн ар кандай көчөттөрү отургузулду.
Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын достук паркынын курулушу 2 млн долларга бааланды.