Turmush — Ош облусунун Алай районунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин жаран ок атуучу куралдарын милицияга тапшырды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Алай РИИБдин кызматкерлери ок атуучу куралга байланышкан кырсыктардын жана кылмыштардын алдын алуу боюнча иш-аракеттерди улантууда.
РИИБдин башчысы Чынгыз Иманалиев Алай районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзлгөндөн кийин Гүлчө шаарынын М.у.Э. аттуу тургуну эч кандай документи жок 1 даана сайлуу жана 1 даана жараксыз болгон документи бар ок атуучу куралын өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине тапшырды.