Turmush — Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айыл аймагындагы жардамга муктаж жарандарга колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, айыл аймактагы турмуш шарты оор, жардамга муктаж 25 жаранга демөөрчү тарабынан акчалай жардам берилди. Ар бир жаранга 15 миң сомдон таратылды.
Мындай саамалык жыл сайын уюштурулуп келүүдө.