Turmush — Баткен шаарында жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочулар аныкталып, «Лексус LX470» жана «Лексус LX570» үлгүсүндөгү унаалар айып короого киргизилди. Бул тууралуу жол сакчылар билдиришти.
Маалыматка караганда, унааларга мыйзамсыз атайын үн чыгаруучу каражаттар орнотулгандыгы жана ээнбаштык аракеттер жасалгандыгы аныкталган.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча жол тескоочулор тарабынан айдоочуларга карата Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, 20 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, мыйзам талаптарына ылайык, автоунаалар айып короого киргизилди.