Turmush — Ысык-Ата районунун Гагарин айылынын тургундары жалгыз таштанды полигонундагы кырдаалга байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдиришүүдө.
Алардын айтымында, полигон дээрлик толуп калган. Атайын техника узак кезектердт күтүп калууда. Ал эми катуу тиричилик калдыктары белгиленген аймактан тышкары жерлерге төгүлө баштаган. Мындан тышкары, айрым учурларда таштандыларды ошол жерде өрттөө фактылары да катталууда.
Буга чейин мэрия тарабынан таштандыны кайра иштетүүчү завод март айында ишке кирет деп убадаланган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин маселе чечилбей, кырдаал курч бойдон калууда.
Тургундар полигондун кайрадан күйүп кетүү коркунучу бар экенин белгилешип, бул экологияга жана жалпы райондун калкынын ден соолугуна олуттуу зыян алып келиши мүмкүн деп кооптонушууда.
Бул боюнча Кант шаарынын мэриясы таштанды талаасындагы кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди.
«Гагарин айылындагы полигондондун абалы бизге белгилүү жана туруктуу көзөмөлдө турат. Коммуналдык кызматтар тарабынан таштандылар үзгүлтүксүз чыгарылып, атайын техника тартылып, аймак иретке келтирилип турат. Учурда таштандылардын көлөмү көбөйүп, полигонго болгон жүк күчөгөнү байкалууда. Ошого карабастан бардык иштер токтотулбастан, штаттык режимде жүргүзүлүүдө. Таштандыларды өрттөө катуу тыюу салынган. Мындай учурлар аныкталып, мыйзам чегинде чара көрүлөт», - деп айтылат маалыматта.