Turmush — Нарын облусунун Ат-Башы районунда чөөлөр көбөйүп жатат. Акыркы учурларда чөөлөр айыл аралап, көчөлөргө кирген учурлар катталууда.
Мергенчи Таалайбек Байботоев Turmush басылмасына берген комментарийинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын облустук башкармалыгы менен чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш- чаралар улантылып жатканын билдирди. Анын айтымында, учурда чөөлөр көйбөйүп жатат.
«Чөөлөрдүн биздин аймакка келгенине 10 жылдан ашты. Бул жырткычтар ар кандай татаал шарттарга тез көнүп, көбөйүп кетүүгө жөндөмдүү. Эгерде чектөө чараларын көрбөсөк, токойдогу майда жандыктарды кырып эле тим болбостон, айыл тургундарына да олуттуу коркунуч келтирет. Соңку убакта чөөлөрдүн караңгыда айыл аралап, көчөлөргө кирген учурлары көп каттала баштады.
Чөөлөр — кутурма, эхинококкоз жана альвеококкоз сыяктуу кооптуу оорулардын негизги ташуучусу. Алардын тиштегени адам өмүрүнө коркунуч туудурат. Ал эми саны көбөйүп кетсе, адамдарга кол салуусу да мүмкүн. Ошондой эле үй канаттууларын жана жаңы туулган музоо-торпокторду жеп, чарбага дагы чоң зыян келтирип коет.
Бул маселе бир эле биздин райондо эмес, бүтүндөй Кыргызстан боюнча актуалдуу болуп жатат. Нарындын токойлорунда да чөөлөр абдан көп. Биздин пландарыбызда келерки жылдары жеринде иш алып баруу, жергиликтүү тургундар же администрация тарабынан сунуштар түшсө, атайын рейддерге чыгып, элге пайдабызды тийгизүү максатыбыз бар», - деди Байботоев.
---------------------------------------------------------
Өкмөттүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жана аларды олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөп берүү боюнча иш-чараларды уюштуруу жөнүндө» жобого ылайык, жырткыч жаныбарларды атуу үчүн мамлекет тарабынан акчалай сыйлыктар каралган:
- карышкырдын бир башына — 6 миң сом;
- бир баш бѳлтүрүккѳ — 1500 сом;
- бир баш чөөгө — 2000 сом.
Бул акчалардын 20 пайызы Социалдык фондго, дагы 20 пайызы салык үчүн кармалат.