Turmush — Манас шаарындагы Жалал-Абад райондор аралык медициналык-социалдык экспертиза комиссиясы көчүрүлгөн жайда суу, даараткана жок. Бул жагдайга майыптуулугу бар жарандар жана алардын жакындары нааразы экенин Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Имаратта күтүү үчүн коюлган эмеректер эскирген. Имараттын 2 бөлмөсү гана иштеп, биринде архивдик документтер сакталса, биринде 4 дарыгер жарандарды кабыл алат. Дарыгерлер отурган бөлмөнүн ичи чакан, бейтаптар киргенде бөлмөдө эркин басууга мүмкүн болбой калат.
«Асылай-Ай» майыптар коомунун жетекчиси Жумакан Жаркулованын айтымында, аталган жайга заарасын кармай албагандар, психикалык жактан жабыркагандар, коридорго коюлган отургучтарга отура албай калган жарандар келет. Суусу же ажатканасы жок жайдагы абал ден соолугунан жабыркаган жарандарды кыйын абалга кептейт.
«Майыптар ушул медициналык-социалдык экспертиза комиссиясына эле келишет. Сыртта кезек күтүп отурган жердеги отургучтарды карагыла, бүт эскирген, катуу эмеректер турат. Омурткасынан жабыр тартып келген жаран бул жердеги бир да эмерекке отура албайт. Заманбапташтырып жакшы имараттар салынып жатат, ага биз да кубанычтабыз. Бирок шарт түзүүлөрдү биз — майыптар сезбей жатабыз. Ушул жерге келгендер жумшак эмеректе күтүп отуршса болмок.
Дааратканасы жок экен, сыртта тээ алыста бар. Ага катуу оорукчан келсе жетпейт. Майыптарга ылайыкташкан эмес, катардагы ажаткана имарат ичинде жок. Анан 4 дарыгер бир кичине бөлмөдө бизди кабыл алып жатышат. Дарыгерлерге рахмат, алар өздөрүнүн жумуштарын жасоодо. Маселе имаратта, болгондо да бир эле тар бөлмөдө элди кабыл алышууда. Кокустан ошол тар бөлмөдө эпилепциясы бар адам ооруп калса эмне болот? Психикалык жактан жабыркаган адам кокустан жанындагы башка бейтапка кол салып жибериши мүмкүн. Экинчи араң келген бейтап ого бетер ооруп калышы мүмкүн.
Майыптардын абалы, кабыл алуулары эске алынып, ар бир дарыгер өзүнчө отуруш керек, бул менин жеке оюм. Суу ичкиң келсе, кол жууйун десең сыртка суу издеп келишиң керек болот. Мына майыптарга болгон мамиле. Жергиликтүү бийлик МСЭКти көчүрөрдө бул жерге майыптар келерин эске алышса болмок. Кооз имараттар бар, майыптарга болсо эптемей мекеме. Эмнеге ансыз да ден соолук менен күрөшүп жаткан жарандарга кайдыгер мамиле болот? Бизди ушул нерсе таарынтат», - деди ал.
Майыптарды кабыл алган мекеме аталган имаратка быйылкы жылдын январь айында көчүрүлүп келген.
Жалал-Абад райондор аралык медициналык-социалдык экспертиза комиссиясынын жетекчиси Канболот Мусаев иш бөлмөнүн тардыгын ырастап, буга чейинки имарат эскирип, авариялык абалга кептелип, анын ордуна жаңы имарат салына баштаганын билдирди.
«Бул имаратка убактылуу көчтүк. 2 жылда имарат маселебиз чечилип калат. Азыркы отурган жай №1 бейтапканага жакын, кайрылган жарандар тиешелүү дарыгелерге кайрылып, кайра келе коюшат. Туура, жарандар айткандай бөлмө тар», - деди ал.
Бул мекемеде 4 дарыгер, 2 медайым иштейт. Бир күндө 20дан ашуун бейтап кабыл алат. Айрым учурда 5-6 бейтап болушу мүмкүн. Бейтаптарды көбүнчө жакындары коштоп келет.
Мекемеге Сузак районунун, Көк-Жаңгак шаарынын эли кайрылат. Ошондой эле Тогуз-Торо району да карайт. Кызматкерлер районго жайкысын барып, жеринен жарандарды кабыл алып келишет.
Жалпы майыптуулугу бар 4500дей жаран каттоодо турат.