Turmush — Бүгүн, 23-март Баткен шаарындагы Кызыл-Жол айылында жаңы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.
«Баткен облустук үй-бүлөлүк даарыгерлер борборуна караштуу №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эски имараты бир кабаттуу, типтүү эмес, санитардык талаптарга да толук кандуу жооп бербейт. Ыңгайлаштырып иш алып барып жатканбыз. Кайрымдуулук фонд тарабынан 1,5 жыл мурда капсула салынган эле. Бүгүн типтүү имарат курулуп пайдаланууга берилип жатат.
Бул жерде 9 кызматкер бар. Бир дарыгер, 5 медайым, 1 тиш дарыгери, анын медайымы, санитарка бар. Бул жерде үй-бүлөлүк дарыгерлер кандай медициналык жардам көрсөтсө бардык шарттар жана кызматтар көрсөтүлөт», - деди Бөрүбеков.